Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев телекоммуникациялык жабдууларды өндүрүү боюнча дүйнөлүк лидер Hytera компаниясынын жаңы заводунун ачылыш аземине катышты.
Минкаб төрагасынын биринчи орун басары өз сөзүндө бул долбоор ийгиликтүү мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн үлгүсү жана инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча мамлекеттин ырааттуу ишинин ырастоосу экенин баса белгиледи.
«Министрлер кабинети бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүп, ачык-айкын жөнгө салуу жана инфраструктураны колдоо ишин улантат. 2024-жылы биз 102 жаңы өнөр жай объектисин ишке киргизсек, 2025-жылы дагы 128 объектти ишке киргизүүнү пландап жатабыз, бул аймактардын өнүгүшүнө түрткү болуп, миңдеген жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет", - деп белгиледи ал.
Соңунда Данияр Амангелдиев жаңы ишкананын ийгиликтүү иштешине ишенимин билдирди.
«Бул завод Кыргызстандын өнөр жай жана илимий өнүгүү тарыхында жаңы баракты ачып, туруктуу өсүштүн, жогорку сапаттагы жана технологиялык лидерликтин символу болуп каларына ишенем», - деди төраганын биринчи орун басары.
Белгилей кетсек, байланыш жабдууларын жана фото-видео жазуу системаларын чогултуучу Hytera заводу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен түзүлгөн. Долбоорго инвестициянын көлөмү 1 млн АКШ долларын түздү.
Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу:
- Жылына 57 мин даанадан ашык продукция.
- 700 чарчы метр заманбап өндүрүш аянты.
- 50 жаңы жумуш орундары.
- Сапатты автоматташтырылган контролдоо.
- Алдыңкы технологияларды колдонуу жана кадр дараметин өнүктүрүү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн