Бугу 17, 2024
Убакыт: 09:46
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Кыргызстанда базарларда 1-июлга чейин патент менен иштөөгө уруксат берилет

05.12.2023 15:03
594
Кыргызстанда базарларда 1-июлга чейин патент менен иштөөгө уруксат берилет


Президент Садыр Жапаров "Дордой" базарына келип, ишкерлер менен жолугушту.

Өлкө башчысы жеринде контролдук кассалык машиналарды (ККМ) колдонуудан бошотуу жана салык саясатындагы реформаларга нааразычылыктарын билдирип чыккан ишкерлер менен сүйлөшүп, алардын сунуш-пикирлерин укту.

Жыйынтыгында президент базарларда патент менен иштөө системасын 2024-жылдын июлуна чейин калтырууну убадалады.

“Буга чейин кандай иштеп келсеңер, июлга чейин ошондой иштеп тургула. Мен өкмөт мүчөлөрү менен кеңешме өткөрөм, ал жерге салыкчылар, ишкерлер тарабынан дагы делегаттар чакырылат. Биз кеңешип туруп, кийинки кадамдар тууралуу чечим кабыл алабыз”, - деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн