Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 13:31
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Кыргызстанда бензин 15 сомго кымбаттайбы?

11.01.2021 18:12
914
Кыргызстанда бензин 15 сомго кымбаттайбы?


Кыргызстандын күйүүчү май рыногунда карапайым эл жакшы түшүнө бербеген күрөш жүрүп жатат. Ал - ЕвраЗЭСтин регламентине ылайык, Кыргызстан рыногуна Евро4, Евро5 же бул маркалардын аналогу К4, К5 маркасынан ылдый бензиндер киргизилбесин деген норма.   Экономика министрилигинин маалыматына ылайык, эгер К4, К5 маркаларынан ылдыйкы бензин гана кирип калчу болсо, күйүүчү майга болгон баа 7-15 сомго өсөт.


Бул жерде бир маселе бар. Жылы эски машинелерге К3 куйсаң деле, К5 куйсаң деле натыйжа ошол эле. Атмосферага ыргытылган зыяндуу заттар ошондой эле болот. Анткени жаңы машиналар гана К5 маркага ылайык жасалган, эски машинелерге К5 куйгандан экологияга зыян азайып кетпейт. Эл негизинен эски автолордо жүрөт. Жаңы автону сатып алуу мүмкүнчүлүгү аз гана адамдарда бар.


Дагы бир маселе К5 маркасын россиялык нефть гиганты Газпром гана керектүү көлөмдө чыгара алат. ЕВРАЗЭС аймагында андан башка бир да өлкө К5 чыгара албайт. Ушундан улам Кыргызстан рыногундагы монополист “Газпром” бул демилгенин автору болуп жаткандыгын түшүнүү кыйын эмес. Айта кетчү нерсе К4 жана К5 Кыргызстанда эки жылдан бери эркин  сатылып келе жатат. Кымбат баалуу жаңы машина мингендер ошол майдан куюп келишүүдө. К5 ке мажбур өтүп калсак, бензин, дизель 15 сомго чейин кымбаттайт. Маркасы жогору К5 куйсак эле аба тазарып жатып калат деген сөз кыял бойдон кала берет. Анткени жогоруда айтканымдай бизде жүргөн жүз миңдеген эски машинелерге К5 тен жогорусун куйсаң деле, ошол эле зыяндуу түтүндөрдү чыгара берет. Европадагыдай кылып, чыкканына 5 жыл болгон машинелердин баарын утил кылып салууга чамабыз чакталуу. Андай кылчу болсок, Кыргызстан элинин 98 пайызы жөө калат. Андан сырткары Кыргызстанда иштеп жаткан жападан жалгыз Кара-Балта нефть иштетүүчү заводун токтотушка туура келет. К5 тин башкы тарапкери болуп жаткан депутат Абдувахаб Нурбаев маселенин ушул жагын түшүнбөй жаткандай...


Нургазы Мусаев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн