Бүгүн Кыргызстанда күйүүчү май кымбаттады. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар билдиришти.
Алардын айтымында, 92-бензин бир заматта 1,5 сомго кымбаттаган. Азыр ал 60,5-61,5 сомдон болууда. АИ-95тин баасы 5 сомго - 65тен 70,5 сомго чейин кымбаттады.
Буга чейин россиялык маалымат каражаттары Орусия Федерациясынын аймактарында күйүүчү майдын жетишсиздигин жазып чыгышкан. Бир катар май куюучу жайларда бензиндин жана дизелдин айрым түрлөрү жок болуп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн