Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 19:58
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Кыргызстанда бензиндин баасы кескин жогорулады

21.07.2021 11:48
1919
Кыргызстанда бензиндин баасы кескин жогорулады



Акыркы суткада Кыргызстанда бензиндин баасы бир маалда 1-2 сомго кымбаттады. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Канат Эшатов 24.кг агенттигине билдирди.


Анын айтымында, баа Россиядагы мунай заводдорго көз каранды.


«Май куюучу жайлар бааларды көтөрүүгө аргасыз болушкан. Бул Россиядагы заводдордо сатуу бааларынын жогорулашына байланыштуу. Бир айдын ичинде алар бизге тоннасын 70 долларга кымбаттатышты. Ошондуктан, мунай сатуучулар сатуу бааларын көтөрүүгө аргасыз болушкан. Кимдир бирөө 1 сом, кээ бири 1,5, дагы бирөө 2 сом кошкон. Бардыгы  Россия Федерациясынын заводдору менен түзгөн келишимдеринен көз каранды», - деп билдирди  Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн