Бугу 17, 2024
Убакыт: 16:57
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Кыргызстанда бет кап тагынбагандарга 5000 сомго чейин айып салынат

11.05.2020 17:24
1421
Кыргызстанда бет кап тагынбагандарга 5000 сомго чейин айып салынат


Кыргызстанда бет кап тагынбагандарга 1000 сомдон 5000 сомго чейин айып каралат. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.


Анын маалыматы боюнча, санкцияларды салуу укугу дарыгерлерге, санитардык дарыгерлерге жана ички иштер органдарына ыйгарылды.


Айып пулдун өлчөмү кылмыш-жоруктун оордугуна жараша 1 000ден 180 000 сомго чейин жетиши мүмкүн.

 

Карантин жана санитардык эрежелерди бузгандыгы үчүн айыптар:

Өзгөчө кырдаал шарттарында укук тартибин бузуу – 5000 сомдон 17 000 сомго чейин айып пул

Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди, санитардык эрежелерди, гигиеналык ченемдерди бузуу – 1000ден 27 000 сомго чейин айып пул (категорияга жараша)

Ыйгарым укуктуу органдын чечимин же талаптарын аткаруудан баш тартуу тартибин бузуу – 3000 ден 13 000 сомго чейин айып пул Жоруктар (жазык жоопкерчилиги)

Өзгөчө кырдаалдар тартибинин талаптарын бузуу - 15 000 сомдон 60 000 сомго чейин айып пул, 2-категориядагы эркиндигин чектөө менен бир жылга чейин, коомдук иштерге 60 саатка чейин тартуу.

Карантин сакталбагандыгы - 30 000 сомдон 60 000 сомго чейин айып пул.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн