Кулжа 29, 2024
Убакыт: 08:05
USD
86.20
87.10
EUR
92.10
93.10
RUB
0.960
1.040

Кыргызстанда бейөкмөт уюмдардын көбү саясат менен алектенет, - Жыпар Жекшеев

22.05.2020 12:56
1039
Кыргызстанда бейөкмөт уюмдардын көбү саясат менен алектенет, - Жыпар Жекшеев

         

Кыргызстанда бейөкмөт уюмдардын көбү саясат менен алектенет. Айрыкча шайлоо алдында жана шайлоо учурунда, деп билдирди коомдук ишмер Жыпар Жекшеев Жогорку Кеңештин бүгүн, 22-майда комитет жыйынында.


Анын айтымында, ал эле эмес бир эле мекеменин ичинде орун талашып, ызы-чуу же кандайдыр бир талаш-тартыш болсо, ошол жерде сөзсүз түрдө коммерциялык эмес уюмдардын өкүлүнүн кулагы көрүнүп турат.


“Мен ар түрдүү мамлекеттик, улуттук комиссияларда иштеп жүрүп, көп кырдаалга аралашып калдым. Ким акча төлөсө, ошонун ырын ырдайт, деген ушул. Ошол эле маалда элдин кызыкчылыгына каршы түздөн-түз иштегендер бар экенин өз көзүм менен көрдүм, аларды ачык айтпай эле коёюн. Гранттарды ала берсин, бирок канча акча алып атасыңар, эмнеге жумшап жатасыңар деген элдин талабы болуп жатат азыр”, - деди Жекшеев.


Ар кандай уюмдардан грант алып иштеп аткандар бизде толтура, санариптештирүү деп жаңы технологиянын заманына келип жатабыз. Ар бир мамлекеттик түзүм эл алдында эмне кызмат кылып жатканын ачык айтып, отчёт берет. Жаңы технологиянын шарттарына өтүп жатабыз деген эле тезис. Ага эч ким таң калбашы керек. Ошондуктан бардык жерде ачык-айкындуулук болушу маанилүү”, - деп кошумчалады Жыпар Жешеев. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн