Бугу 09, 2024
Убакыт: 22:29
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Кыргызстанда билим берүү инновацияларына арналган эл аралык конференциясы өтөт

06.09.2023 16:14
257
Кыргызстанда билим берүү инновацияларына арналган эл аралык конференциясы өтөт


Кыргызстанда "Санариптик доордогу билим берүү стратегиялары жана инновациялар" аттуу II эл аралык конференциясы өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чара 8-10-сентябрга белгиленген. Ага КР билим берүү жана илим министринин орун басары Бекжан Супаналиев жана Монголиянын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Ньям-Очир Томор-Очир, ЮНЕСКОнун Эл аралык жогорку билим берүү институтунун жасалма интеллект долбоорунун жетекчиси Эмма Сабзалиеванын жана билим берүү жана маалымат технологиялары жаатындагы адистердин катышаары күтүлүүдө.

Конференцияны “Таалим-Форум” коомдук фонду жана КР Билим берүү жана илим министрлиги уюштуруп жатат. Конференциянын программасы менен бул жерден таанышууга болот - https://kix.taalimforum.kg/conference-ru/2023.

Ал эми онлайн катышууну каалагандан үчүн бул жерге кирип катталуу керек - https://clck.ru/35SwBL

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн