Бугу 02, 2024
Убакыт: 17:26
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Кыргызстанда бир айда күйүүчү майдын бардык түрлөрү арзандады

08.02.2024 12:03
625
Кыргызстанда бир айда күйүүчү майдын бардык түрлөрү арзандады


Кыргызстанда 2024-жылдын январында 2023-жылдын декабрына салыштырмалуу күйүүчү майдын бардык түрлөрү арзандады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти .


Эгерде өткөн жылдын 31-декабрында республика боюнча АИ-95 үлгүсүндөгү бензин орточо эсеп менен 71,36 сомду түзсө, быйыл январь айынын аягында 2,37 сомго арзандап, 68,99 сомду түзгөн. Бирок 2023-жылдын январь айына салыштырмалуу баа 7,15 сомго кымбаттаган.


92-бензин 1,91 сомго - 63,73 сомдон 61,82 сомго арзандады. Бирок былтыркы жылдын биринчи айына салыштырмалуу 6,24 сомго кымбат.


Дизель майынын баасы 2023-жылдын декабрына да, былтыркы жылдын январына да арзандаган. Декабрдын аягында дизель майы 71,48 сом болсо, январдын аягында 69 тыйынга арзандаган — 70,79 сомдон сатылган. 2023-жылдын январынан айырмаланып, анын баасы 3,74 сомго төмөндөгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн