Бугу 15, 2024
Убакыт: 17:10
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Кыргызстанда бир дагы мамлекеттик же муниципиалдык дарыкана жок

22.01.2021 14:30
1015
Кыргызстанда бир дагы мамлекеттик же муниципиалдык дарыкана жок


Кыргызстанда бир дагы мамлекеттик же муниципиалдык дарыкана жок. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиясынын мүчөсү Асел Куланбаева билдирди.


Анын айтымында, өлкөдө бардыгы 3 миң дарыкана, 304 дарыканалык кампа бар. “Бирок, белгилеп кетким келет, Кыргызстанда бир дагы социалдык, мамлекеттик же муниципиалдык дарыкана жок. Бардык фармацевтикалык рынок жеке секторго берилген”, - деди Куланбаева.


Ошондой эле эксперт белгилегендей, Кыргызстандагы фармацевтикалык рынок импорттон көз каранды. “Биз импорттон көз каранды өлкөбүз. Эгерде өзгөчө кырдаал жаралып, башка өлкөлөр дары-дармектерди алып чыгууга тыюу салса, мындай учурда бизде дары-дармексиз калуу коркунучу бар. Ал тургай, маанилүү дары-дармектердин тизмесинен дагы”, - деп билдирди Куланбаева.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн