Бештин айы 11, 2024
Убакыт: 11:52
USD
86.65
87.15
EUR
91.20
92.20
RUB
0.845
0.900

Кыргызстанда бир катар айылдардын аты өзгөрөт. Мыйзам долбоору I окууда кабыл алынды

20.11.2024 13:27
363
Кыргызстанда бир катар айылдардын аты өзгөрөт. Мыйзам долбоору I окууда кабыл алынды


Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстандагы бир катар айыл аймактардын аталышын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды.

Парламенттен билдиришкендей, мыйзам долбоору боюнча Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев маалымат берди.

Мыйзам долбоору министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген, анда бир катар калктуу конуштардын аталышын өзгөртүү сунушталган.

Алар:

  • Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Таштак айылы - Малкалди айылы болуп өзгөрөт;
  • Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Параканда айылы - Баракелде болуп өзгөрөт;
  • Нарын облусунун Кочкор районундагы Большевик айылы - Баялы Исакеев болуп өзгөрөт;
  • Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Ынтымак айылы - Шадыкан айылы болуп өзгөрөт;
  • Талас облусунун Манас районундагы Новодонецкое айылы - Айтматов айылы болуп өзгөрөт;
  • Талас облусунун Талас районундагы Козучак айылы - Жанкороз-Олуя айылы болуп өзгөрөт:
  • Талас облусунун Талас районундагы Балбал айылы - Жаныбек баатыр айылы болуп өзгөрөт;
  • Чүй облусунун Москва районундагы Чоң-Арык айылы - Сыйдалы айылы болуп өзгөрөт;
  • Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылы - Ак-Суу айылы болуп өзгөрөт.

Муну менен катар, «Баткен жана Чүй облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты.

Алар:

  • Баткен облусунун Лейлек районундагы Жаштык, Бозогул конушу;
  • Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Иманалы Айдарбеков конушу;
  • Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Боз-Бармак калктуу конушу.

Ошондой эле Баткен жана Чүй облустарындагы айрым калктуу конуштарга «айыл» категориясын ыйгаруу жана Сары-Жаз кырка тоосундагы Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн аймагында жайгашкан бийиктиги 5576 м болгон аты жок тоо чокусун «Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу» деген географиялык аталышты ыйгаруу жөнүндө» мыйзам долбоорлору биринчи окууда жактырылды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн