Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 03:40
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кыргызстанда бир сутка ичинде 151 кылмыш катталды, - ИИМ

13.10.2020 11:50
1164
Кыргызстанда бир сутка ичинде 151 кылмыш катталды, - ИИМ


Кыргыз Республикасынын аймагында абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдөнүп жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, өлкөдө түзүлгөн кырдаалга жана Бишкек шаарынын аймагында киргизилген өзгөчө абал шартында ички иштер органдарынын кызматкерлери башка укук коргоо органдары менен бирге кылмыштарды аныктоо, бөгөт коюу жана бетин ачуу боюнча иштерди жүргүзүп жатышат. 


"Республика боюнча 12-октябрга карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 303 кылмыш менен жоруктар катталган. Анын ичинен 151 кылмыш, 152 жоруктар. Кылмыштарды жана жоруктарды тыкыр иликтөө үчүн тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Ошондой эле, ички иштер органдарынын кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ыктыярдуу элдик коошундар менен биргеликте коомдук тартипти сактоону камсыздоо боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө", - деп айтылат маалыматта. 


ИИМ Бишкек шаарында киргизилген Өзгөчө абал менен коменданттык сааттын талаптарын аткарууга чакырат. Ушуга байланыштуу, бекитилген эрежелерге жана чектөөлөргө түшүнүү менен кабыл алууну суранат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн