Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 09:19
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кыргызстанда бир жумада ОРВИ жана сасык тумоо менен ооруган 8201 учур катталды

08.01.2024 15:03
298
Кыргызстанда бир жумада ОРВИ жана сасык тумоо менен ооруган 8201 учур катталды


Кыргызстанда бир жума ичинде (1-январдан 7-январга чейин) ОРВИ жана сасык тумоо менен ооруган 8201 учур катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.


Ооруга чалдыгуу 40,2%га азайган. Бардык оорулардын 72,27%ы 14 жашка чейинки балдар (5961 учур).


Октябрь айынан бери бейтаптардан 1315 анализ алынды, лабораториялык жыйынтыктар боюнча эпидемиялык мезгил A/H3N2 тумоосуна байланыштуу. Ошондой эле курч респиратордук вирустук инфекциялардын жүгүртүүсү байкалууда, риновирус басымдуулук кылган – 35,4%, респиратордук синцитиалдык вирус – 24,2%, парагрипп – 20% жана башка вирустар 20,4% түзгөн.


Эң жогорку көрсөткүчтөр Бишкек, Ош жана Чүй облосунда байлаып, интенсивдүү көрсөткүчтөр 200,7; 194, жана 208.4 түздү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн