Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 17:15
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Кыргызстанда биринчи жолу Ош шаарында таштанды сорттоочу урналар пайда болду (фото)

18.08.2022 08:46
926
Кыргызстанда биринчи жолу Ош шаарында таштанды сорттоочу урналар пайда болду (фото)

Кыргызстанда биринчи жолу Ош шаарында сорттоочу контейнерлер менен тиричилик таштандыларын чогултуу үчүн стационардык аянтчалардын долбоору ишке кирди


Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун демилгеси менен “Ош-Тазалык” ишканасы бүгүн, 17-августтан тарта тиричилик таштандыларын бөлүп сорттоочу контейнерлер менен чогултуучу стационардык аянтчалардын жаңы долбоорун ишке киргизди. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалымат кызматы билдирет.



Белгилей кетсек, бул участок Араван кичи районундагы Г.Айтиев көчөсүндөгү №11, №13 көп кабаттуу үйлөрдүн ортосуна орнотулуп, мындай долбоор Кыргызстанда биринчи жолу ишке ашырылып жатат.


Бул пилоттук долбоордун алкагында турмуш-тиричилик таштандыларын сорттоп, курулуш жана коммерциялык таштандыларды уруксатсыз чыгарууну көзөмөлдөө үчүн стационардык жерде диспетчер туруктуу жайгашат.


Долбоор менен Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов таанышып, анын шаардын экологиялык абалын жакшыртуудагы маанисин белгиледи.


Жалпысынан 10го жакын мындай стационардык участокторду орнотуу пландаштырылууда. Бул долбоор “Ош-Тазалык” тарабынан өз алдынча ишке ашырылып, калаанын экологиялык абалын жакшыртууга багытталган.


Ошондой эле мэр жакынкы үйлөрдүн жашоочулары менен жолугушту. Жергиликтүүлөр долбоор боюнча ойлорун билдиришип, ага улай балдар аянтчасын жаңыртып берүүнү суранышты. Бул багытта мэр тарабынан тиешелүү кызматтардын жетекчилерине жеринде тапшырмалар берилди.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн