Бугу 11, 2024
Убакыт: 14:41
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Кыргызстанда биринчи жолу шайлоодо электрондук паспорт колдонулууда

28.04.2024 12:56
372
Кыргызстанда биринчи жолу шайлоодо электрондук паспорт колдонулууда


Кыргызстанда биринчи жолу шайлоочулар шайлоо тилкелеринде идентификациядан өтүү үчүн электрондук паспортторун колдонушууда. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Белгилей кетсек, бүгүн №2 Баткен, №7 Ош жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп жатат.

"Шайлоо учурунда жарандар биринчи жолу шайлоо участкаларында шайлоочуларды идентификациялоо үчүн электрондук паспортторду колдоно алышат. Электрондук документ форматындагы Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту "Түндүк" системасынын тиркемесинде санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан ишке ашырылып, жарандар тарабынан кеңири колдонулат", - деп айтылат БШКнын маалыматында.

Белгиленгендей, аны шайлоодо колдонуу биринчи жолу Борбордук шайлоо комиссиясы менен биргеликте "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын идентификациялык программаларына киргизилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн