Бугу 05, 2024
Убакыт: 18:58
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кыргызстанда быйыл ЖККУнун алкагында үч машыгуу өтөт

14.02.2024 16:39
165
Кыргызстанда быйыл ЖККУнун алкагында үч машыгуу өтөт


Кыргызстанда ЖККУнун алкагында үч машыгуу өтөт. Бул тууралуу уюмдун Бириктирилген штабынын жетекчиси Андрей Сердюков билдирди.


Анын айтымында, Кыргызстандын, Казакстандын жана Тажикстандын аймагында атайын жана бирдиктүү машыгууларды өткөрүү Бириктирилген штабдын негизги тапшырмасы.


"ЖККУнун жыл сайын өткөрүлчү машыгуулары эл аралык коопсуздукту жана стабилдүүлүктү бекемдөөгө салым кошуп, уюмга мүчө өлкөлөр аймактагы тынчтыкты бузгусу келгендерге биргеликте катуу каршылык көрсөтө турганын демонстрациялап келет", — деди Сердюков.


Презентацияга караганда, быйыл Борбор Азия аймагында жалпы жонунан алты негизги иш-чара пландалган. Алардын үчөө Кыргызстанда өтөт (сентябрь айында). Дагы экөө Тажикстанда, бирөө Казакстанда уюштурулат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн