Тогуздун айы 10, 2024
Убакыт: 14:18
USD
85.35
85.85
EUR
92.80
93.80
RUB
0.870
0.915

Кыргызстанда быйыл балга болгон баа көтөрүлүп кеткендиктен, экспорттоо азайды

Кыргызстанда быйыл балга болгон баа көтөрүлүп кеткендиктен, экспорттоо азайды


Кыргызстанда быйыл балга болгон баалар бир жарым эсеге көтөрүлүп кеткендиктен аны экспортко чыгаруу татаалдашып калды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен маалымдашкандай, былтыр балдын килограммы 200-250 сомдун тегерегинде болсо, быйыл баалар кыйла көтөрүлүп, 350-400 сомду түздү. Ушундай факторлорду эске салганда балды чет өлкөгө экспорттоо басаңдай түшкөн.

Айыл чарба министрлиги бул маселени чечүү максатында ар тараптуу иштерди алып барууда. Ошол эле учүрда министрлик бал өндүрүүчүлөргө продукциянын сапатын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү боюнча ишти алып тынымсыз баруусун сунуштайт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн