Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 05:53
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Кыргызстанда быйыл 59 миң окуучу 11-классты аяктайт

14.05.2020 17:16
1206
Кыргызстанда быйыл 59 миң окуучу 11-классты аяктайт


Кыргызстанда быйыл 59 миң окуучу 11-классты аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдирди. 

Маалыматка караганда, 11-классты 59 миң окуучу аяктаса, 9-классты 104 миңге жакын окуучу бүтүрөт. Анын ичинен 1253 окуучу артыкчылык аттестатына талапкер. 

Ошондой эле министрлик коронавирус илдетине байланыштуу 9-11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик сынактарды тапшыруу форматы быйыл жылдагыдан айырмаланарын кабарлашты. Ага ылайык, алардын жалпы жетишкендиктерин эске алуу менен атайын түзүлгөн предметтик мамлекеттик комиссия экзамендик бааларды коет.

 

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жалпы 2283 мектеп бар, анда 1 млн 311 миңден ашуун бала билим алат.

 


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн