Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 01:30
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Кыргызстанда бийликти күч менен басып алууну пландаган топ аныкталды

05.07.2024 17:08
245
Кыргызстанда бийликти күч менен басып алууну пландаган топ аныкталды


Кыргызстанда бийликти күч менен басып алууну пландаган деструктивдүү топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана конституциялык түзүлүштүн негиздерин коргоо боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында жарандардын өлүмү менен байланышкан массалык баш аламандыктарды уюштуруу жана коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу аркылуу күч колдонуу менен бийликти басып алууну пландаган деструктивдүү топтун мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт койду.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында К.Б.А., М.Э.Ж., Б.Б.К., М.А.Ж. жана С.А.Б. аттуу жарандар кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Аталган топ криминалдык идеологияны колдогон, ошондой эле диний идеологияны фанатизм менен карманган адамдардан түзүлгөндүгү такталды.

Кармалгандардын жашаган жерин жана пайдаланган транспорт каражаттарын тинтүү учурунда колго жасалган жардыргыч түзүлүштөрдүн тетиктери, ок атуучу куралдар, ок-дарылар, рациялар, ок өтпөс кийимдер, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кийимдери, дрондор, экстремисттик адабияттар, ошондой эле тыюу салынган башка буюмдар табылып алынды.

Учурда бул боюнча кошумча тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Кененирээк маалымат кийинчерээк берилет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн