Өлкө аймагында бүгүн, 5-апрель саат 10:00гө карата дагы 3 адамдан коронавирус аныкталды, деп маалымдады саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өкмөттөгү бирифингде.
Анын айтымында, жаңы жуктуруп алган 3 адамдын бары Бишкек шаарынан катталды.
Муну менен жалпы чалдыккандардын саны 147 адам болду. Алардын 8и оорудан айыгып чыкты. 5 бейтап оор абалда, 2 киши өпкөнү жасалма дем алдыруу аппаратына кошулду.
5-апрелге карата СOVID-19
вирусуна жаңы чалдыккандар:
Бишкек – 20
Ош ш. – 12
Ош облусунда – 35
Баткен облусунда – 3
Джалал-Абад облусунда – 67
Чуй обсусунда – 6
Иссык-Куль обслусунда – 2
Нарын обслусунда – 4.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн