Баш оона 21, 2025
Убакыт: 21:26
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Кыргызстанда бүгүнтөн тарта мобилдик банкинг аркылуу акча которууларга комиссия алынбайт

25.11.2024 11:30
723
Кыргызстанда бүгүнтөн тарта мобилдик банкинг аркылуу акча которууларга комиссия алынбайт


Кыргызстанда 25-ноябрдан тарта мобилдик банкинг аркылуу акча которууларга комиссия алынбайт. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, комиссиядан бошотуу 2024-жылдын 25-ноябрынан 2025-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот.

- Комиссия алууга тыюу салуу жеке адамдар тарабынан банктардын жана төлөм уюмдарынын мобилдик тиркемелери, ошондой эле интернет-банкинг аркылуу жүргүзүлгөн которууларга тиешелүү.

- Төлөм терминалдары аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөргө комиссия алууга тыюу салуу жайылбайт.

- Комиссия алууга тыюу салуу Кыргызстандын ичинде сом менен акча которууларга, анын ичинде Кыргызстандын коммерциялык банктары тарабынан чыгарылган эл аралык төлөм системаларынын банктык төлөм карталарына которууларга да тиешелүү.

- Комиссия алууга тыюу салуу улуттук валютадагы акча которууларга гана тиешелүү. Чет элдик валютадагы акча которууларга жайылбайт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн