Бугу 06, 2024
Убакыт: 06:02
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кыргызстанда буудайдын дүң жыйымы 25,8 пайызга кыскарган

14.11.2023 12:56
233
Кыргызстанда буудайдын дүң жыйымы 25,8 пайызга кыскарган


Кыргызстанда 2023-жылдын октябрынын аягына карата дан эгиндери (буурчак, күрүч жана гречкадан тышкары) 579,5 миң га аянттан жыйналды, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,2 пайызга көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.


Алгачкы белгиленген салмакта 1,6 миллион тонна эгин чабылганы, бул 15 процентке аз экендиги белгиленген. Эгин чабуунун көлөмүнүн азайышы дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүнүн 2022-жылга салыштырмалуу 28 пайызга төмөндөшүнө байланыштуу. Быйылкы жайдын вегетация мезгилиндеги температуранын нормадан тышкары жогору болушуна байланыштуу буудайдын дүң жыйымы 25,8 пайызга, арпанын түшүмү 29,5 пайызга кыскарган.


Буга чейин Орусия буудайды экспорттоого тыюу сала турганы айтылган. 2023-жылдын 1-декабрынан 2024-жылдын 31-майына чейин катуу буудайды экспорттоого тыюу салган өкмөттүн токтомунун долбоору жарыяланды.


Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги ЕАЭБдин чечимдеринин алкагында жыл сайын суроо-талап менен сунуштун болжолдуу жана индикативдик балансы түзүлүп жатканын баса белгиледи. Ар бир мамлекет экспортко чыга турган айыл чарба товарларынын айрым түрлөрү боюнча өндүрүштүн болжолдорун жана калктын керектөөлөрүн жабуу үчүн импорттун керектүү көлөмүн берет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн