Бугу 07, 2024
Убакыт: 05:43
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Кыргызстанда бюджеттик каражаттардын эсебинен сатып алууларда тендер өткөрүү жокко чыгарылды

25.07.2023 17:49
293
Кыргызстанда бюджеттик каражаттардын эсебинен сатып алууларда тендер өткөрүү жокко чыгарылды


Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 25-июлунда “Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 29-июнунда КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Алмамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууну өркүндөтүү жана оптималдаштыруу, ошондой эле мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө коррупциялык көрүнүштөрдү жокко чыгаруу максатында иштелип чыккан.

Мыйзамда мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, ошондой эле “тендер” түшүнүгүн камтыган бир катар мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган. Ошентип, бул Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын 13 Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилет.

Ошону менен бирге мамлекеттин жана калктын ар кандай товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон керектөөлөрүн канааттандыруу максатында:

• татаал, ишке ашырылбаган механизмдер алынып салынган жана кайра каралган;
• сатып алуулар планын өзгөртүүдө жол-жоболор кыскартылган;
• бир булактан методду колдонуу учурлары кеңейтилген.

Ошондой эле, мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарды колдонуунун суроо-талаптары боюнча жазуу жүзүндө түшүндүрмөлөрдү берүү функциясы каралган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн