Теке 18, 2025
Убакыт: 18:57
USD
87.30
87.80
EUR
101.20
102.20
RUB
1.110
1.135

Кыргызстанда чек арачылардын эмгек акысы көтөрүлдү

18.07.2025 16:06
7
Кыргызстанда чек арачылардын эмгек акысы көтөрүлдү


Кыргызстанда Чек ара кызматынын кызматкерлеринин эмгек акысы көтөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында чек арачыларга кызматтык үйлөрдү тапшыруу аземинде белгилүү болду.


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек ташиев турак жайдын ачкычын тапшырууда мамлекеттик колдоонун далили катары үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан баштап офицерлердин эмгек акысын 20 миң сомго көбөйтүү чечими кабыл алынды, ал эми октябрь айында аскер кызматчыларынын башка категорияларынын айлык акылары жогорулатылай турганын билдирди.


"Мамлекеттик чек араны кайтаргандар үчүн татыктуу жашоо шарттарын түзүү – кызматка жана мамлекетке болгон ишенимди бекемдөөдөгү маанилүү кадам. Биз чек ара ведомствосундагы кызмат ардактуу гана эмес, ошондой эле ишенимдүү камсыздалуусуна умтулабыз", - деди ал.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн