Өлкө аймагында коронавирус илдетин жуктургандардын саны 94 адамга жетти. Бул тууралуу коронавирус боюнча Республикалык штабдан билдирди.
Маалыматка ылайык, жаңы жагдайлардын баары Жалал-Абад облусунда катталган. Алардын бардыгы ооруканага жаткырылып, тиешелүү дарылоо иштери жүргүзүлүп жатат.
Эске салсак, буга чейин республика боюнча илдет 84 адамдан аныкталган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн