Бир сутка ичинде өлкө боюнча 10 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Жаңы учурлар:
- Бишкек шаарында – 1
- Ош шаарында – 3
- Чүй облусунда – 2
- Ош облусунда – 2
- Ысык-Көл облусунда – 1
-Баткен облусунда – 1
Ал эми бир суткада стационардан 6, үй карантининен 10 медициналык кызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3555 учур катталды, алардын ичинен 3200 медкызматкер айыгып чыкты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн