Бир сутка ичинде өлкө боюнча 13 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 26-октябрдагы брифингде билдирди.
Жаңы учурлар:
- Бишкек шаарында – 1
- Ош шаарында – 2
- Ош облусунда – 2
- Баткен облусунда – 2
- Ысык-Көл облусунда – 2
- Талас облусунда – 4
Ал эми бир суткада стационардан 6, үй карантининен 8 медкызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3588 учур катталды, алардын ичинен 3280 медициналык кызматкер сакайды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн