Бир сутка ичинде өлкө боюнча 22 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Жаңы учурлар:
- Бишкек шаарында – 2
- Ош шаарында – 3
- Баткен облусунда – 3
- Ош облусунда – 8
- Жалал-Абад облусунда – 3
- Чүй облусунда – 1
- Ысык-Көл облусунда – 2
Ал эми бир суткада стационардан 1, үй карантининен 3 медициналык кызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3437 учур катталды, алардын ичинен 3089 медкызматкер айыгып чыкты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн