Кыргызстанда дагы 3 адам коронавирустан айыкты. Бул тууралуу коронавируска каршы Руспубликалык штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 4-апрелде Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан жана Аксы аймактык ооруканасынан 3 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Алар 24-25 жаштагы эки эркек киши жана 45 жаштагы аял.
Ошондой эле бейтаптардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда, кайрадан алынган анализдери коронавирустун жок экенин көрсөткөнү айтылат.
Бүгүнкү күндө өлкөдө коронавирус диагнозу менен жаткырылып, айыккан жалпы 9 бейтап стационарлардан чыгарылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн