Бир сутка ичинде өлкө боюнча 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдан билдиришти.
Жаңы учурлар:
- Баткен облусунда – 1
- Талас облусунда – 2
- Жалал-Абад облусунда – 3
- Ысык-Көл облусунда – 1
Ал эми бир суткада стационардан 2, үй карантининен 7 медициналык кызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3456 учур катталды, алардын ичинен 3105 медкызматкер айыгып чыкты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн