Бир сутка ичинде өлкө боюнча 9 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Жаңы учурлар:
- Баткен облусунда – 3
- Талас облусунда – 1
- Ош шаары – 1
- Ысык-Көл облусунда – 1
- Бишкек – 3
Ал эми бир суткада үй карантининен 10 медкызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3597 учур катталды, алардын ичинен 3290 медкызматкер айыгып чыкты.
Пикирлер (1)