Бугу 17, 2024
Убакыт: 14:17
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Кыргызстанда дагы бир төңкөрүштү каалагандар кимдер?

14.05.2021 10:42
3782
Кыргызстанда дагы бир төңкөрүштү каалагандар кимдер?

Ашкере саясатташкан коомдо бийликтин туруктуу болушу кыйын. Анын үстүнө жеңил жол менен бийликке келүүнүн, тезирээк эле байып кетүүнүн ыгын таап алгандар эч качан тынчтыкты жана стабилдүүлүктү каалай алышпайт. Ар кандай чайпалуулардан, башаламандыктан өз кызыкчылыктарын, өз «жемдерин» таап көнүп алышкандар тынч отура албай калышты. Мындай жолго түшүп алгандардын катары улам коюуланган сайын, бийликтин туруктуу болушунун мөөнөтү улам кыскара баштаган сыяктуу.


Жаңы бийликтин иштеп жатканына (эгерде өткөн жылдагы октябрь тополоңнунан кийин ишке киришкенинен тартып эсептегенде) эми гана 7 ай толгону турат. Пандемия шартынан улам бош калган казына, өмгөктөгөн экономика жаңы келген бийликке мурас катары калды. Ага кошумча саясий кырдаалдын олку-солкулугу бар. Улам-улам бийлигин күч менен алмаштыра берген мамлекетке өнөктөш мамлекеттер да бир топко чейин сырдуу көз караш менен карап, ишенимдүү түрдө кызматташып кетүүгө көп батына бербейт. Дагы кандай болуп кетиши мүмкүн деген суроо аларда да жаралат.


Андыктан жаңы келген бийликке жок дегенде толук кандуу бир жыл убакыт берип, дараметин жана ниетин баалап алуу зарылчылыгы бар. Тилекке каршы, бул жолу бийлик ээрге жаңыдан гана отурары менен кайра эле оодара тарткысы келгендер пайда болду. Албетте, конструктивдүү сын-пикирлер биринчи күндөн тарта эле айтыла бериши керек, бирок бир беткей каралоо, бийликтин иштөөсүнө мүмкүнчүлүк бербөө жакшы аракет эмес.


Учурдагы бийлик  тактыга отурганына аз гана убакыт болгонуна карабастан, бир нече топтогу каршылаштарынын чабуулуна кабыла баштады. Алар кимдер?


Биринчи кезекте, мурда Садыр Жапаров кайсыл бийликтин куугунтугуна кабылган болсо, эми алар учурдагы бийликтин куугунтугуна кабыла баштады деген маалыматтык чабуул. Себеби, мурда С. Жапаровдун камакка алынышына себепкер болгондордун айрымдары азыр өздөрү абакта отурат.


Экинчиден, «Кумтөр Голд Компани» компаниясына карата чыгарылган соттун чечими дагы бир каршылашты пайда кылды. Буга чейин райондук сот аталган компанияны Кыргызстандын экологиялык мыйзамдарын бузганы үчүн 261 миллиард сомдон ашуун айыпка жыккан чечимин чыгарган. Бул АКШ долларына айлантканда 3 миллиард доллардын тегерегинде болот. «Кумтөр Голд Компанинин» ээси болгон «Центерра» үчүн мынча акчаны Кыргызстанга төлөп бергенден көрө азыраак акчанын күчү менен маалыматтык чабуул жасап, кутулуп кеткени пайдалуу болот. Андыктан эми кыргыз бийлигине каршы бир беткей каралаган материалдардын ырааттуу жарыялана башташын күтүүгө болот. Бул жагынан «Кумтөрдүн» жетекчилигинин тажрыйбасы да бар.


Үчүнчү тарабынан бир кезекте Садыр Жапаров менен тарапташ болуп жүрүп, бирок кыңыр иштери билинип калгандар бар. Алар эми бийликтин оппоненттеринин колундагы курал болуп берүүгө даяр. Алсак, абакта жаткан Мелис Аспеков. Бул жарандык активист, жаш саясатчы катары чыгып жүргөн жигит «Кыргыз темир жолунун» жетекчилигинен 250 миң доллар акча талап кылып алып жаткан жеринен кармалып, абакка киргизилген. Бир нече айдан бери отурат. Кыязы ал дагы учурдагы бийлик турганда түрмөдөн чыгарына көзү жетпей калса керек. Ошондон улам, абакта жатып кат жазып, «Садыр Жапаров президенттиш шайлоодо Сооронбай, Асылбек Жээнбековдордон 10 миллион доллар алган» деп чыкты. Анан дагы ал «Президенттик шайлоодо С. Жапаровдун штабы расмий көрсөтүлгөн каражаттан көп каражат жумшаган» дегендей айып айтты. Кимдерге канча каражат бергени тууралуу да «тил каттарды» көргөздү. Учурда муну социалдык түйүндөрдө кызуу бөлүшүп жаткандар бар.


Бир суроо жаралат, эгерде М. Аспеков акыйкаттыкты бекем карманса, анда эмнеге бул айткандарын өз убагында айтып чыккан жок эле? Же өзүнүн кызыкчылыгы буулуп калганда гана айтуу керекпи?


Мындан сырткары кыргыз-тажик чек арасындагы болуп өткөн окуя да өзгөчө көңүл бура турган жагдай. Бул аскердик кол салуу аркылуу учурдагы кыргыз бийлигине кыр көрсөткөн тышкы күчтөр да бар экенин билсек болот.


Албетте, кырдаалды жөнгө салуу, тынчтыкты жана стабилдүүлүктү камсыздоо бийликтин милдети жана анын колунда турган маселе. Бирок, ага коомчулуктун да жардамы болушу маанилүү. Кимдер жана эмне үчүн бийликке каршы чыгып жатышканын аңдап түшүнүү зарыл. Ошол эле убакта бийлик тарабынан дагы элдин ишенимин уурдатпай тургандай чечкиндүү кадамдардын жасалышы абзел.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн