Соңку сутка ичинде өлкө аймагында 2 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 24-майдагы брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда 44 медик дарыланууда.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 275 учур катталды. Алардын ичинен 230 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан. Ал эми инфекциядан 1 дарыгер каза болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн