Кыргызстанда өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен төрт адам каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Маалым болгондой, Баткен облусунда 1, Бишкек шаарында 2, Ош облусунда 1 адам коронавирустан улам көз жумду.
Учурда стационарларда 2919 бейтап, ал эми 2745 бейтап амбулатордук дарылануудан өтүп жатат.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери коронавирустан жалпы 1122 адам каза болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн