October 22, 2020
Убакыт: 03:27
USD
80.40
80.80
EUR
94.70
96.20
RUB
1.035
1.052

Кыргызстанда дагы төрт адам коронавирустан каза болду

Кыргызстанда дагы төрт адам коронавирустан каза болду


Кыргызстанда өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен төрт адам каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.


Маалым болгондой, Ош облусунда 2, Баткен облусунда 2 адам коронавирустан улам каза болгон.  


Учурда стационарларда 2202 бейтап, ал эми 1951 бейтап амбулатордук дарылануудан өтүп жатат. 


Кыргызстан пандемия башталгандан бери коронавирустан жалпы 1103 адам каза болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн