Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 07:12
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кыргызстанда дары ташуучулар бажы төлөмдөрүн азайтууну суранып жатат

20.04.2020 16:14
1044
Кыргызстанда дары ташуучулар бажы төлөмдөрүн азайтууну суранып жатат


Чет мамлекеттен келүүчү дары-дармектердин бажы төлөмү 3-5 пайызга көтөрүлүп жатат, деп билдирди Кыргызстандагы Фармацефтикалык кеңешинин төрагасы Эрнис Асанов бүгүн, 20-апрелде онлайн брифингде.



Анын айтуусунда, учурда коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу чек аралар жана аба каттамдар жабылгандыктан дары дармектерди ташып келүүдөгү транспорт маселесинде көптөгөн көйгөйлөр жаралууда.



“Мисалы, Россиядан алынган товарлар келе албай жатат. Дары каражаттарынын көбү Индиядан алынып келчү, ал жак менен да каттам жок. Дагы жакшы Кытай менен чек ара ачылып, дарыларды ошол жактан ташып жатышат, бирок товарлар кымбат келип жатат”, - деди Асанов.



Анын айтуусунда, учурда бет каптын орточо баасы 20 сомдун тегерегин түзүп жатат. Ошондой эле, рыноктун туруксуздугунан улам Россияда дары-дармектерди чыгаруучу завод бааны 15-20 пайызга чейин кымбаттатты.

 

Биздин өкмөт ЕврАзЭс менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бажы төлөмдөрүн азайтуу, депозиттик төлөмдөрдү алып салуу боюнча макулдашуулар жүрөт деген убадасын берди эле, азыр алардын жообун күтуп жатабыз, жакын арада бул маселе чечилип калат деп ойлойм. Себеби, коронавирустан да башка оорулар менен жабыр тарткан бейтаптар бар, аларды өз убагында дарылар менен камсыздоо керек”, - деди ал. 


Асанов кошумчалагандай, дары-дармек жана медициналык каражаттар боюнча кымбаттоолор болот, бирок тартыштык жаралбайт. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн