Кыргызстандагы бардык дарыгерлер милдеттүү түрдө эмдөөдөн өтүүгө тийиш. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев буйрукка кол койду.
Министр чыгарган буйрукка ылайык, бардык медициналык кызматкерлер 1 ай ичинде COVID-19 илдетине каршы эмдөөдөн өтүүгө тийиш. Мындан сырткары, дарыгерлерге вакцинанын натыйжаларына байкоо жүргүзүү да жүктөлгөн.
Пикирлер (1)