Бугу 16, 2024
Убакыт: 23:30
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Кыргызстанда дистанттык окутуу процесстери кандай ишке ашып жатат?

27.03.2020 17:41
1515
Кыргызстанда дистанттык  окутуу процесстери кандай ишке ашып жатат?


Кыргызстанга коронавирус илдети жакындап келе жаткан мезгилден тартып, бул оорууну алдын алуу максатында билим берүү мекемелери, жогорку окуу жайлардын студенттери, мектеп окуучулары 16-марттан баштап 3 жумага каникулга таратылды. Андан аз убакыт өтпөй, вирустун алгачкы учуру катталган мезгилде аймактык карантиндер киргизиле баштады. Башталгыч билим берүү мекемелери да менчигинин түрүнө карабай өлкө боюнча толук жабылды.


Мындай жагдайдан улам окутуу процессин дистанттык метод боюнча уюштуруу тууралуу Каныбек Исаковдун жетекчилиги алдында Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу чыккан. Ага ылайык жогорку жана орто-кесиптик билим берүү уюмдары онлайн окутууга өтүшкөн.


Окутуунун сапаттуулугу жана жоопкерчилиги жогорку окуу жайдын, кесиптик-техникалык окуу жайларынын жетекчилерине жүктөлгөн.


Буйрукка ылайык, онлайн окутуунун жүрүшүн жана студенттердин билим алуусун декан же директор күнүгө көзөмөлгө алып турат, ошондой эле билим берген мугалимдерге үзгүлтүксүз методикалык жардамдар жана кеңештер берилмекчи. Учурда бул процесстер канчалык деңгээлде уюштурулуп, иш жүзүнө ашып жаткандыгын онлайн окуп жаткан айрым студенттерден, мектеп окуучусунан жана көрсөтмө берип жаткан мугалимден сурап көрдүк.


Кыргызстандын Эл аралык университетинин студенти Айжанат Жумадилованын айтымында, алардын окуу жайы “Мой университет” аттуу атайын тиркемени иштеп чыгышкан.  Учурда аралыктан окуу дал ушул тиркеме аркылуу ишке ашып жатат.   

  


“Мой университет” тиркемеси иштелип чыккан. Окутуучулар тапшырманы ушул тиркеме аркылуу беришет, ал эми студенттер ушул тиркемеден таап тапшырманы аткарып, кайра жөнөтө алышат. “Мисалы, математика же адабият сабагынан тесттер, модулдук тапшырмалар, студенттердин өз алдынча иштери боюнча тапшырма берилип, сабактын аткарылышына белгилүү мөөнөт коюлат, ошол убакыт аралыгында аткарып, кайра жөнөтөбүз. Тесттин жыйынтык балдарын же коюлган бааларды ошол эле жерден көрө алабыз. Университеттин жетекчилиги да ушул тиркеме аркылуу мугалимдердин билим берүүсүн жана студенттердин аракеттерин көзөмөлгө алып тура алышат”, - дейт Жумадилова.

Ал эми Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенти Талант Жусубалиевдин айтуусунда, алар WhatsApp мессенджери аркылуу тайпа түзүп, мугалимдер ошол жерге лекцияларды файл менен беришет, студенттер ошол жерден алып окушат.

Мисалы, тарых сабагынан реферат даярдоо тапшырмасы берилген болсо, аны даярдап кайра тайпадан жөнөтөбүз. Эгер колго жазгыла десе дептерге жазып сүрөткө тартып салабыз, ал эми электрондук варианты болсо электрондук түрүндө жиберебиз. Бааларды да тайпа аркылуу билип турабыз дейт”, - дейт ал.


Ы.Орозалиев атындагы орто мектептин кенже окутуучусу, эмгек сабагынан мугалими Элнура Мураталиева мектепте балдарды онлайн окутуу WhatsApp мессенджери аркылуу жүргүзүлөрүн айтты.

  

Алар окуучулар менен мугалимдер же ата-энелер менен бирге тайпа түзүп алышкан. Окуучулар менен сабакты тайпа аркылуу жүргүзүшөт. Мисалы сүрөт сабагынан тапшырма берилсе, балдар альбомго сүрөт тартып, аны видеого же сүрөткө тартып кайра салышат. Чейректик жыйынтыктар компьютердик тестирлөө аркылуу жүргүзүлөт, анын жыйынтыгы менен чейректин баалары коюлат.


Белгилей кетсек, Борбордук билим берүү уюмдарында дистанттык окутууга мугалим жана борбордук мэриянын билим берүү башкармалыгынын методисттери видео-сабактарды тартууга даярданып жатышат. Негизги сабактар жергиликтүү телеканалдарда ("ЭЛТР", "Баластан") атайын иштелип чыккан ырааттама боюнча өтөт. Мындан тышкары, “Ютубга видео-сабактар жайгаштырылат. Азыркы учурда дагы 60 муниципалдык жана 10 жеке менчик мектеп үчүн виртуалдык сабактардын ырааттамасы түзүлүп жатат.


Билим берүү жана илим министрлиги учурда “Мега 24” тиркемеси иштелип жатканын, ал жерге 35 окуу-методикалык китептер камтылганын билдирген. Студентер, окуучулар жана мугалимдерге ушул тиркеме аркылуу дагы билим алууга шарт түзүлөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн