Чын курандын 22, 2025
Убакыт: 13:53
USD
86.90
87.40
EUR
99.70
100.70
RUB
1.055
1.095

Кыргызстанда дыйкандарды колдоо үчүн өзгөчө экономикалык бирикмелер ишке кирет

Кыргызстанда дыйкандарды колдоо үчүн өзгөчө экономикалык бирикмелер ишке кирет


Кыргызстанда өзгөчө экономикалык бирикмелер ишке кирип, дыйкан-фермерлердин керектөөсүн камсыз кыла баштайт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. 


Министрликтен белгилешкендей, өзгөчө экономикалык бирикмелерди ишке ашыруу азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында ишке ашырылууда. Ал чарбаларды ирилештирүү боюнча жаңы стратегиялык концепциянын алкагында жүргүзүлөт. 


Мында – экономикалык ишканалардын, кооперативдердин, бирикмелердин (чемпиондордун, агрегаторлордун) айланасында дыйкан-фермерлерди топтоп, аларды дал ушул өзгөчө экономикалык бирикмелер суу, сапаттуу үрөн, көчөт, мал уругу, жер семирткичтер, айыл чарба техникасы менен жеткиликтүү камсыз кылат. 


Андан соң чакан кайра иштетүү өнөр жайларын ишке берүү, соода логистикалык борборлорду куруу, даяр продукциянын экспорттук мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү каралган. 


Мындан сырткары, элеттиктерди агро ресурстарды туура пайдалануу боюнча окутуу, жаш кадрларды даярдоо жана башка бир топ багыттарда ишмердүүлүгүн жүргүзөт. "Үлүш жерлери менен бириккендерге өгөчө маани берилет. Бул аракеттердин бардыгы өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган", - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн