Бугу 13, 2024
Убакыт: 01:06
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Кыргызстанда доллардын курсу кайрадан 85 сомго жакындады

02.04.2020 11:24
821
Кыргызстанда доллардын курсу кайрадан 85 сомго жакындады


Кыргызстанда доллардын кымбаттоосу уланып жатат, бир күндүн ичинде дагы 1,5 сомго жогорулады.


Бүгүн, 2-апрелге карата коммерциялык банктар АКШ долларын 82,9-83,8 сомдон сатып алып, 84,5 сомдон сатып жатышат. Бир жума ичинде доллардын курсу 6,5 сомго кымбаттап, 85 сомго чейинки көрсөткүчкө жетти.


Ошондой эле рублдын да наркы кымбаттоодо. Бүгүн бир рубль 1,02-1,04 сомдон алынып, 1,09-1,11 сомдон сатылып жатат.


Эске салсак, 19-март күнү кечке жуук АКШ долларынын курсу 12 сомго чейин өсүп кеткен эле. Бул Улуттук банктын 3,7 млн долларды интервенция кылууга мажбурлаган. Кийинки күнү доллардын курсу 78 сомду түзүп калган жана 24-мартка чейин бул көрсөткүч сакталып турду. Эми кайрадан кымбаттап баштады, бүгүн 85 сомго чейин жогорулаганы байкалды. Бирок Улуттук банк валюта рыногунда абал салыштырмалуу туруктуу деп эсептейт.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн