Бугу 19, 2024
Убакыт: 03:30
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстанда эки гана лаборатория эл аралык стандарттарга жооп берет

26.06.2020 15:49
952
Кыргызстанда эки гана лаборатория эл аралык стандарттарга жооп берет


Кыргызстанда эки гана лаборатория эл аралык стандарттарга жооп берет. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев 26-июнда "ЭлТР" каналындагы түз эфирде билдирди. 


Анын айтымында, эки лаборатория Бишкек жана Ош шаарларында жайгашкан. 


"Мындан тышкары, дагы 13 мобилдүү лабораториялар аймактарда иштеп жатышат. Учурда алардын абалы оор болгонуна карабай, иштерди жүрзүшүүдө. Азыр GeneXpert ыкмасы менен COVID-19 вирусуна текшерүү жүргүзүп баштадык. Бул лаборатория Улуттук фтизиатрия борборуна орнотулуп, бир сааттын ичинде 8 анализди текшерүү мүмкүнчүлүгүн жана 99%га чейин так жыйынтык берет. Учурда 6 500 тестирлөө жүргүзүүгө шарт түзүлгөн”, - деди ал. 




Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн