Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 13:02
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Кыргызстанда эки жылда ирригация тармагына 6,6 млрд бөлүнгөн

29.02.2024 14:16
532
Кыргызстанда эки жылда ирригация тармагына 6,6 млрд бөлүнгөн


Кыргзстандын ирригациялык фондун жакшыртуу максатында 2022-жылдан 2024-жылга чейин 6 млрд 614,6 млн сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнгөн. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиршти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен оңдоо-калыбына келтирүү иштерине жана жаңы ирригациялык курулмаларды курууга 5 млрд 848,5 млн сом, ал эми жаңы атайын техниканы сатып алууга 766,1 млн сом бөлүнгөн.

"Бул каражаттарга каналдарды бетондоо жана 2 331,7 км ирригациялык каналдарды механикалаштырылган тазалоо жолу менен ишке ашырылган, 2 746 даана гидротехникалык курулмалар жана 315 даана насостук станциялар оңдолгон", - деп айтылат маалыматта.

Баткен районунун Ак-Суу айыл аймагынын Бакай участкасынын тургундарын сугат суу менен камсыз кылуу максатында жаңы насостук станция ишке киргизилди. Ошондой эле Кадамжай районунун Р-1 дюкеринин курулуш иштери жана Чоң-Алай районунун Шибе-Жекенди каналынын курулушунун биринчи этабы аяктады. Бул объекттер белгиленген мөөнөттө бүткөрүлгөн жана бүгүнкү күндө жер пайдалануучуларга өткөрүлдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн