Февраль айынын эки жумасында Кыргызстанда бензин бир аз кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы тастыктайт.
АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы өлкө боюнча орточо эсеп менен 39 тыйынга — 61,82 сомдон 62,21 сомго кымбаттады. 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу баа 8,83 сомго кымбаттады.
АИ-95 бир аз (18 тыйынга) кымбаттады — 68,99 сомдон 69,17 сомго чейин. Былтыркыдан айырмаланып анын баасы 9,38 сомго кымбаттады.
Дизель майынын баасы туруктуу - литри 70,79 сом. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 3,72 сомго аз.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн