Бүгүнкү күндө Кыргызстанда экспресс-тест системалары жетиштүү. Кечээ,
6-апрелде Россия Федерациясынан ПЧР лабораториясынын компоненттери келип түштү,
деп билдирди саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов бүгүн, 7-апрелде
онлайн брифингде.
Анын айтымында, бул маселе эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн алкагында чечилген. Ошондой эле Белоруссиядан дагы келди, жалпысынан 123 миң 500 анализге тест-система даяр.
“Эми обсервацияда көпкө кармалып калгандарды, жуктургандар менен байланышта болгон адамдарды тез арада аныктоо иштери башталат. Бишкектеги “Ак-Кеме - 1”, “Достук - 3” “Горден - 5” мейманканаларында обсервацияда жаткан жарандарда оорунун козгогучу бар экени аныкталды. Буларды өзүнчө алып калып, байланышта болгондорду изоляцияга алабыз”, - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн