Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 00:49
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Кыргызстанда эл аралык издөөдө жүргөн өзбек жараны кармалды

26.08.2024 17:34
196
Кыргызстанда эл аралык издөөдө жүргөн өзбек жараны кармалды


Кыргызстанда мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-августта КР ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын түштүк аймагы боюнча кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын натыйжасында мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн өзбек жараны 1997-жылы туулган Р.Ж. кармалды.

Азыркы учурда Кыргызстандын компетенттүү органдары тарабынан кармалган адамды экстрадициялоо маселелери чечилүүдө.

Белгиленгендей, КР ИИМ кызматкерлери тергөөдөн жана соттон качып кеткендерди жана эл аралык издөөдө жүргөндөрдү табууга жана кармоого багытталган иш-чараларды улантууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн