Бугу 21, 2024
Убакыт: 10:29
USD
88.20
89.10
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Кыргызстанда эл аралык жана ички каттамдарга аралыктан билет сатыла баштады

30.04.2024 16:28
261
Кыргызстанда эл аралык жана ички каттамдарга аралыктан билет сатыла баштады


"Кыргыз автобекети" мамлекеттик ишкана тарабынан Beket.kg сайты иштелип чыгып, аралыктан билет сатып алуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

"Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасы аталган сайт элге ыңгайлуу шарт түзүү менен убакытты үнөмдөө максатында иштелип чыкканын белгилейт.

Жүргүнчүлөр Beket.kg сайты аркылуу эл аралык жана ички каттамдар боюнча автобуска онлайн билет сатып алса болот. Анда каттамды, күндү жана кишинин санын белгилеши зарыл. Төлөм жүргүзүлгөн соң электрондук билет почтага жиберилет.

"Онлайн кызмат көрсөтүү калкка жеткиликтүү түрдө иштелип чыгып, сатып алынган билетти кайтаруу мүмкүнчүлүгү дагы каралган", - деп кошумчалашты "Кыргыз автобекети" ишканасынан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн