Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 13:18
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.845
0.885

Кыргызстанда эл каттоонун экинчи этабы жүрүүдө

25.04.2022 09:12
493
Кыргызстанда эл каттоонун экинчи этабы жүрүүдө

2022-жылдын 23-апрелинен 2-майына чейин республикада эл жана турак жай фондун каттоонун экинчи этабы өтөт.


Улуттук статистика комитети билдиргендей, анын жүрүшүндө алыскы жана жетүүгө кыйын болгон региондордун калкы кайрадан катталат. Республиканын 15 районунда 116 калктуу пункт бар. Каттоо, биринчи этаптагыдай эле электрондук форматта өтөт.


Ошол эле учурда, 23-апрелден 2-майга чейин, калктын контролдук каттоосу өткөрүлөт. Кандайдыр бир себептерден улам каттоодон өтпөгөн адамдар чалуу борборуна 1216 номери боюнча кайрыла алышат, операторлор арызды кабыл алышат жана территориалдык каттоо бөлүмдөрүнө жөнөтүшөт. Кошумча WhatsApp номерлерине жазсаңыз болот: +996 (502) 159 815, +996 (999) 183 020.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн