Кыргызстанда өткөн түндө электр энергияны колдонуу рекорддук деңгээлге жетти. Бул тууралуу "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААК башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Асхат Бердиев билдирди.
Анын айтымында, күз-кыш мезгилине электр энергия тармагы даяр.
"Оңдоп-түзөө иштери 100%га аткарылган. Ноябрь айынан бери суук болгондугуна байланыштуу электр энергияны колдонуу кескин түрдө өсүп кетти. Кыргызстанда өткөн түндө электр энергияны колдонуу рекорддук деңгээлге жетти. Сутка ичинде 68 миң 800 МВт энергия колдонулду", - дейт ал,
Бердиев автоматтык өчүрүү, коргоочу жабдуулар иштеп кетпеси үчүн жарандардан электр энергия менен үйдү жылытпай, көмүр, газды колдонууга чакырат.
"Кыргызстанда ноябрь айында 36 млн кВт энергия сапталган", - деп белгиледи ал.
"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК башкы директору Эмил Куданалиев кошумчалагандай, кечээ электр энергиянын керектөө кубаттуулугу 3 миң 240 МВтка жетти.
"2020-жылдын 29-январында 3 миң 224 МВтка жетти. Бирок ал учурда абанын температурасы -20...-30 градуска жеткен. Азыр -10 градус эле болууда. Өкмөттүн токтому менен электр энергиянын лимити түзүлгөн. Декабрдын лимити 1 млрд 886 млн кВт саат. Электр энергиянын керектөө ошол эле коңшу Казакстанда, Өзбекстанда жана Тажикстанда да өсүүдө", - деп айтты Куданалиев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн