Бугу 15, 2024
Убакыт: 23:03
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Кыргызстанда электр энергиясына күндүзгү жана түнкү тариф киргизилиши мүмкүн.

16.01.2024 09:25
197
Кыргызстанда электр энергиясына күндүзгү жана түнкү тариф киргизилиши мүмкүн.

Кыргызстанда электр энергиясына күндүзгү жана түнкү тариф киргизилиши мүмкүн. Бул туурасында энергетика министри Таалайбек Ибраев парламенттин тармактык комитетинде билдирди.

"Биз жаңы эсептегичтерди койгондон кийин түнкү жана күндүзгү тариф киргизүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Бул биринчи кезекте каралып жатат. Түнкүсүн жана дем алыш күндөрү электр энергиясына такыр башкача баа болот. Кудай буюрса, май айында тарифтик саясатты өзгөртөбүз", — деди министр.

Депутат Элдар Сулайманов өлкөгө мындай практика керектигин айтты. Анын баамында, түндө калк үчүн жарыктын баасы күндүзгүдөн арзан болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн