Бугу 03, 2024
Убакыт: 22:31
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Кыргызстанда электр самокатын тебүү боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкты

19.06.2023 12:44
323
Кыргызстанда электр самокатын тебүү боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкты


Кыргызстанда электр самокатын тебүү боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу брифингдин жүрүшүндө кененирээк Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев айтып берди.

Анын айтымында, акыркы убактарда электр самокатына байланыштуу окуялар көп катталууда. Депутат белгилегендей, буга чейин транспорттун бул түрү болбогондуктан мыйзамда аны кандай колдонуу жазылган эмес. Бирок кырдаал өзгөрдү жана тиешелүү чараларды көрүүнү талап кылат. Бүгүнкү күндө эл өкүлдөрү мыйзам долбоорун иштеп чыкты, ал электр самокаттын жүрүүсүн жөнгө салат деп ишенебиз.

“Самокаттын айдоочулары жөө жүргүнчулөргө жол бербейт, бул мыйзам бузуу болуп эсептелет. Мыйзам долбоорунда биз негизги учурларды жаздык - электр самокат деген эмне, алар кайда жүрүүсү керек, кандай учурларда унаа жолуна чыга алат, кырсык болгон учурда эмне кылуу керек, биз ошондой эле түн ичинде милдеттүү түрдө чагылдыруучу элементтерди колдонуу керек деген пунктту дагы киргиздик”, - деди ал.

“Учурда биз мыйзам долбоорун иштеп чыктык, ал жакында коомдук талкууга коюлат. Ал сентябрда кабыл алынып калат деп ойлойм. Биз Ички иштер министрлиги менен бирге иш алып барабыз”, - деди депутат.

Маматалиев белгилегендей, электр самокатын тебүүгө эч ким тыюу салбайт, аны колдонуу гана жөнгө салынат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн